Кыргызстан күйүүчү май арзан болгон 30 өлкөнүн катарында. Инфографика
Негизги көлөм Россиядан импорттолот.
Кыргызстан күйүүчү май арзан болгон 30 өлкөнүн катарында. Sputnik абалды чагылдырган инфографика даярдады.
Коңшулар менен салыштыра келсек, май Казакстанда гана арзаныраак. Бул өлкө ири мунай жеткирүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Тажикстанда 95-үлгүдөгү май орто эсепте 82 сомдон, ал эми Өзбекстанда 84 сомдон сатылат.
Кыргызстан суткасына дээрлик 2 миң тонна бензин жана 1,5 миң тонна дизель сарптайт. Республикага жылына 1,4 миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу май керектелет. Өзүбүздүн мунай керектөөнүн 10 пайызын гана жабат.
Негизинен мунай бизге Россиядан импорттолот.
Кыргызстан Россиядан 1,2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу майды салык алымдарысыз алгандыктан өлкөдө анын баасы дүйнөдөгү башка мамлекеттерге караганда орто эсеп менен 35 сомго арзан.
250 views
48
11
2 months ago 00:00:50 250
Кыргызстан күйүүчү май арзан болгон 30 өлкөнүн катарында. Инфографика
4 months ago 00:00:56 244
Газ менен жүргөн унаалар өрттөнүп кеткен учурлар бар
5 months ago 00:00:03 86
Бишкекте күйүүчү май сакталган гараждардан өрт чыкты
6 months ago 00:00:55 255
Кыргызстан Россиядан сатып алган негизги 7 товар
10 months ago 00:01:36 165
Вьетнамдагы согушта АКШнын жеңилгенине 51 жыл болду
1 year ago 00:01:11 52
Легендарлуу “Кировец“ маркасындагы кызыл тракторлор
2 years ago 00:01:25 147
Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу схемасын калкалаган деп салыкчылар кармалды
3 years ago 00:04:01 1
ТРК НТС - Күйүүчү май кымбаттап, жер семирткич тартыш болууда / / НТС
3 years ago 00:06:11 1
ТРК НТС - Алоолонгон оттун ортосунда калган күйүүчү май кампасы / / НТС