Иш-чарага депутаттар, аткаминерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Президент Садыр Жапаров кыргыз дипломатиясы байыртадан бери элдин тарыхы менен эриш-аркак келе жатканын белгилеп, куттуктоо сөзүн айтты.
“Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган маалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекети бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен“, — деген ал өз сөзүндө.
Анын айтымында, дипломатиялык кызматтын өнүгүшүнүн кийинки этабы өлкөнүн эгемендикке ээ болушу менен уланган.
“Кыска убакыттын ичинде Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, учурда 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамиле түздү. Ошондой эле өлкөбүз 124 эл аралык уюмдун мүчөсү катары саясий диалогду бекемдөө жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп кырдуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүү боюнча иш алып барууда“, — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, учурда 100дөн ашуун мамлекетте Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү, Бишкекте болсо аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчилик жана эл аралык уюмдар бар.
204 views
53
26
1 week ago 00:01:43 221
Бишкекте Россия-Кыргыз медиафоруму өтүп жатат
1 week ago 00:00:57 113
Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ректорлору Бишкекте чогулду
4 weeks ago 00:01:12 143
Бишкектеги алтын күз. Дрондон тартылган видео
4 weeks ago 00:01:10 186
Бишкекте Мамлекеттик цирк капиталдык оңдоодон кийин ачылды
1 month ago 00:01:16 204
Бишкекте Кыргызстан ТИМинин 80 жылдыгы белгиленди
1 month ago 00:02:30 316
Бишкекте жасалма интеллект менен иштөө боюнча мастер-класс кандай өттү
1 month ago 00:01:23 184
Бишкекте Кыргыз-Россия билим форуму аяктады. Жыйынтыгы
2 months ago 00:00:52 843
Бишкекте жаңы форматтагы “Россия силер менен“ аталышындагы борбор ачылды
2 months ago 00:00:55 143
Бишкекте кыргыз-орус билим берүү форуму өтүүдө
2 months ago 00:01:04 34
Бишкекте жаңыланган “Эл достугу“ монументинин ачылышы болду
2 months ago 00:01:09 96
Бишкекте балдардын Дельфи оюндары башталды
2 months ago 00:06:38 221
70 жыл чогуу жашап, 93 чөбөрөлүү болдук. Бактылуу карылардын маеги
2 months ago 00:02:51 180
Бишкекте Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү ачылды
2 months ago 00:00:33 253
Бишкекте россиялык “Кванториум” технопаркы балдарга мастер-класс өткөрдү
3 months ago 00:01:21 212
Бишкекте өзбек футболчуларына калпак кийгизип тосуп алышты
3 months ago 00:00:03 86
Бишкекте күйүүчү май сакталган гараждардан өрт чыкты
3 months ago 00:00:20 120
Бишкекте 64 айдоочуну жазалашты
4 months ago 00:00:19 86
Бишкекте балдарга акысыз операция жасалат
4 months ago 00:01:54 309
Айылдагы бир күн. Жүрөккө жылуулук тартуулаган видео
4 months ago 00:00:42 233
Бишкекте кандай батирлер арзандады?
4 months ago 00:00:48 78
Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйыны кандай өттү
4 months ago 00:00:38 476
Жаңы Ак үйдүн курулушу бүткөнү калды. Асмандан көрүнүшү
5 months ago 00:00:52 220
Жаңы “Ош“ базары менен Батыш автобекети көчүрүлө турган жердин видеосу
5 months ago 00:06:00 601
АСЕЛ НОГОЙБАЕВА МУРДАГЫ КҮЙӨӨСҮ АБАКТАН КОРКУТУП ЖАТКАНЫН АЙТТЫ