«Ак сүйүү» 2003 обону, аранжировкасы: Максатбек Сулайманкуловдуку
Жаш кезимде ушул ырымды чыгарып, бирок кыӊылдап, секин эле ырдап койгон экем. Албетте бул ырды кийин бирөө, чыныгы профессионалдуу ырчы аткарсада, каршы эмесмин. Жаӊыдан эле кайра сонун ырдап жиберейин десем минусовкам сакталбаптыр, ал үчүн кайрадан жаӊы аранжировка жасашым керек экен. Бирок азыр жаӊы ырларды жана композицияларды жараткан соӊ, артка кайткыӊ да келбейт калат экен. Ал үчүн дагы кошумча убакытка муктаж болот экенсиӊ.