Жашоодо такыр башкачамын

Кээ бирде ата-эне быдылдаган кыздарын алып келип, менин кызым чоңойгондо сендей болот дешет. Сүйлөй бергендин бардыгы алып баруучу, журналист болбойт. Журналисттин эң башкы баалуулугу бул уга билүү. Бул менин образым. Сахнадагы образым да. Мен тыкылдап сүйлөбөсөм мен Айзада эмесмин да. Бул Айзада Жамгырчиеванын образы. Сахнадагы Айзада Жамгырчиеваны ушундай билишет. Мен үйдө такыр көп сүйлөбөйм. Мисалы, жакындарымдын жанында сүйлөбөйм. Мен укканды жакшы көрөм. Сахнага чыкканда сен Айзада Жамгырчиевасың. Ал эми мындай Айзада эч кимге кызыксыз. Жашоодо ушинтип отурган Айзада… Мындай Айзадалар көп. Ушундай, бул образ эле.
Back to Top