Турдугул Карыбекова - БАКЫРАЙЫНБЫ

Акыйкат сөздөн катылайынбы? - Атпегин дейсиң...жашырайынбы? Күн санап эски сезимим оттой, Күчөсө кантем...басылайынбы? ! Сызылбай ичтен...батынайынбы? Сырымды айтып, ачылайынбы? Сен турмуш куруп кеткенден бери, Буулугуп журом! Бакырайынбы? ! Арманда күйүп кошо турайынбы? Азапка сүйүүм достоштурайынбы? Баркына жетип же бир сүйө албай, Башканы өзүмө окшоштурайынбы? ! Кыргызча ырлар
Back to Top