Алтынбек Омаралиев - Кайрылба мейли кайгырба (2023)

Алтынбек Омаралиев - “Кайрылба мейли кайгырба“ (Автордун аткаруусунда) “Кайрылба мейли кайгырба“ Куплет: Асмандан жылдыз карасам, Саноого чамам жетпеди, Түбөлүк сени самасам, Жашоого көзүм жетпеди. Дарактын бышкан мөмөсү, Акырын түгөп жок болот, Махабат күчү мендеги, Жүрөктөн кантип жок болот. Кайрыма: Шудурум тамчы таңдагы, Жетилүү бүчүр жаздагы, Бактылуу күндөр андагы, Таарынттык келбейт ал дагы. Куплет: Жаңырган айды карасам, Жетилип кайра жок болот, Жүрөктү эзген элесиң, Көрүнбөй качан жок болот. Армандуу карап жолуңду, Аргасыз үзөм үмүтүм, Кантсе да бүттү көрүнөт, Кайрылба мейли кайгырба. Кайрыма: Шүдүрүм тамчы таңдагы, Жетилүү бүчүр жаздагы, Бактылуу күндөр андагы, Таарынттык келбейт ал дагы. Youtube каналга жазылуу: Инстаграм: Фейсбук: Телеграм: e-mail: solomediagroup@ SOLO - это первый музыкальный медиапортал, посвященный исключительно кыргызской культуре и музыке. Все права защищены. Полное или частичное копирование материалов запрещено, при согласованном использовании материалов необходима ссылка на ресурс. © SOLO MEDIA #SOLO #КыргызчаЫрлар #АлтынбекОмаралиев
Back to Top