Убагында жалдырасам дагы карабай коюшкан

Токмоктон колледжди бүтүрүп келип, Дене тарбия академиясына тапшырдык. Агайым өзү келип, табыштаган. Абдан күчтүү болчумун. Оор атлетика боюнча Олимпиадага барам дечүмүн да. Мурда Токмоктон келип ута берчүбүз да. Ошого “тиги агайдын” баласы болуп бөлүнүп калдым. Карабай коюшту. Азыр машыктыруучу болуп жүргөндөргө жалдырачумун “мага жардам берип койгулачы. Мен күчтүү жигитмин. Бирок техникам алсыз. Ошону коюп койсоңор, силерди эмгек сиңирген машыктыруучу кылам” дечүмүн. Көңүл кош болуп, кайдыгер карап коюшту. Азыр мисалы мен сыяктуу болуп келсе, ошондой баланы дүйнө чемпиону кылат элем. Өткөн жылы балдар, кыздарым келди эле, азыр Азиянын чемпиону болду. Бир жыл мурун нөлдөн баштаганбыз.
Back to Top