Нюрнберг трибуналынын өлүм жазасы боюнча биринчи өкүмү 1946-жылы 16-октябрга караган түнү аткарылган.
Анда 12 кишини өмүрүнөн ажыратуу чечими кабыл алынган. Алар: Геринг, Риббентроп, Кейтель, Розенберг, Франк, Фрик, Кальтенбруннер, Штрейхер, Йодль, Заукель, Зейсс-Инкварт жана Борман (сыртынан) аттуу кишилер болгон.
Биринчилерден болуп Риббентроптун өкүмү аткарылган. Анын акыркы сөздөрү төмөнкүдөй болгон: “Кудай, Германияны сактай көр. Германия бирдиктүү болсун деген менин акыркы тилегим бар эле. Батыш менен Чыгыш түшүнүшүүгө келсин дегенмин“.
Америка армиясынын штаттык баш алгычы Жон Вудс өлүм жазасын аткарууну начар уюштурган. Люк тар болгондуктан, жаза ала тургандар анын чекесине улам урунуп калып жаткан. Жиптин узундугу менен люктун тереңдиги эсептелбей калып, нацисттер моюн омурткаларынын сынганынан эмес, муунгандан жан берген.
Өлтүрүлгөн нацисттердин сөөгүн Мюнхендеги крематорийге алып келишкен. Ал жерде иштегендер кимдин сөөгүн өрттөй тургандыгын билишкен эмес. Имарат курчоого алынган. Ишке киришердин алдында өлүктү алмаштырып койбогондугун тактоо үчүн ар бир табытты текшерип чыгышкан.
Эки күндөн кийин өлүктөрдүн күлүн Мюнхендеги Изар дарыясындагы көпүрөдөн сууга жашыруун чачып жиберишкен.
364 views
79
18
6 days ago 00:01:10 440
Нюрнберг трибуналы: жаза жана анын аткарылышы
3 weeks ago 00:46:29 1
Алексей Исаев о преступлениях нацистов и Нюрнбергском трибунале. Часть 8: «Финал»
3 weeks ago 00:53:05 1
Алексей Исаев о Нюрнбергском трибунале. Часть 5: «Ничего личного, это просто бизнес»
3 weeks ago 00:53:02 1
Алексей Исаев о Нюрнбергском трибунале. Часть 4: «До и после Нюрнберга. Судебные процессы в СССР»
3 weeks ago 01:14:23 1
Алексей Исаев о Нюрнбергском трибунале. Часть 3: «На скамье подсудимых»
3 weeks ago 01:06:16 1
Алексей Исаев о Нюрнбергском трибунале. Часть 2: «Суд идёт!»
3 weeks ago 00:43:20 1
Алексей Исаев о Нюрнбергском трибунале. Часть 1: «Запланированный геноцид»
3 weeks ago 00:57:24 1
Документальный проект «Нюрнбергский процесс. Без права на помилование» | Интер
1 month ago 00:06:14 1
Визит Гитлера в 1942 г в Финляндию Маннергейм Hitler in Finland
1 month ago 00:35:58 1
Д/с Военные трибуналы. Хабаровский процесс. «Нюрнберг» на Амуре
1 month ago 00:37:08 1
Д/с Военные трибуналы. Краснодарский процесс. Цена измены