Ыр, күлкү, бий, шаң. Бишкектеги балдар фестивалынан видео
Бүгүн, 1-июнда, Бишкекте балдардын II эл аралык “Наристе“ фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, балдарды майрамы жана фестивалдын ачылышы менен куттуктады.
Өлкө башчы катышуучуларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана чыгармачылык ийгилик каалады.
Фестивалга Россиядан, Казакстандан, Монголиядан жана Кыргызстандын бардык облустарынан келген балдар катышууда. Анда балдардын фольклордук, бий жана аспаптык ансамблдери таланттарын тартуулады. Ошондой эле мастер-класс көрсөтүлүп, чыгармачылык жолугушуулар жана башка иш-чаралар уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, башка мамлекеттердин элдик чыгармачылыгы менен таанышуу.
10 views
1145
404
3 years ago 00:01:55 117
Ыр, күлкү, бий, шаң. Бишкектеги балдар фестивалынан видео