Бул жайларды илбирс байырлайт

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Кемин аймагындагы НАБУ уюму уюштурган жапайы жаныбарларды реабилитация кылуу борборуна барып келди. Ал жерде илбирс, сүлөөсүн, элик жана башка дагы жырткыч жаныбарлар жашайт! Бул жерде жашаган ал жаныбарларга жакшы, себеби аларды эркиндикке коё бергенде ар кыл себептерден улам жашап кете албайт. Ветеринар Бакыт Ажибеков башкы себеп алар табияттын татаал шарттарына чыдабай тургандыгын айтып берди. “Бизде эки илбирс бар. Алар, тилекке каршы, жапайы жаратылышка чыкса жашап кете албайт. Бири өтө эле картайып калды, экинчиси өмүр бою бул жерде жүрүп, ушул жерден чоңойду. Тагыраагы, адамзатсыз буларга кыйын эле болот. Биз тамагын беребиз, эт менен камсыздап турабыз. Эркиндикте жүрсө өзү таап жешке туура келет. Тамагын табуу булардын колунан келбейт“, — деп түшүндүрдү эксперт. 23-сентябрда коомчулук илбирстердин эл аралык күнүн белгилеп келет. Акыркы жылдары алардын саны кыскарып кетти. Кыргызстанда алар учурда 400гө жакын экенин айтып келишет.
Back to Top