Кудайсыз өмүр - бактысыз өмүр

1. Кудайсыз өмүр – бактысыз өмүр, Күнөөгө толду алдамчы өмүр. Неге чындыкты биле албайсың сен? Айтчы, тууганым, кимди алдайсың сен? 2. Неге дагы эле ыйлап турасың, Кайгы – кападан арылбадым деп? Неге Кудайды тааныбайсың сен? Айтчы, тууганым, кимди алдайсың сен? 3. Күнөөгө батып, кыйналгансың сен, Муңуңду айтып, тунжурайсың сен. Неге Кудайды тыңшабайсың сен? Айтчы, тууганым, кимди алдайсың сен? 4. Күнөөңдү айтсаң Теңир алдында, Бөлөнөр элең чексиз бакытка. Келчи Кудайга, келчи, тууганым, Ыйсанын сөзүн алчы колуңа.
Back to Top