Ысык-Көлдүн айрым аймактарында кар калың жаап, ашуулар жабылды. Видео
Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда кар калың жаап, жайлоого кеткен жол, ашуулар жабылып калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургундар билдирип, видеолорун жөнөттү.
Анда көрүнүп тургандай, жааган кардан улам жолдор жабылып калган. Кардын калыңдыгы айрым жерлерде 80 сантиметрге чейин жетет. Жергиликтүү жашоочулар жайыттарда мал кармоо кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кар 29-майдан бери тынбай жаап жатканын айтып, мындан улам Ак-Суудагы Каракол — Эңилчек жолу менен Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Ак-Шыйрак жолу жабылып калганын билдирди.
“Каракол — Эңилчек жолу бир тараптуу ачылды. Учурда жайыттардагы малчыларга тоют жеткирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Ак-Шыйрак жолу тазаланууда, жол ачыла элек“, — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча кийинчерээк маалымат берилерин айтты.
41 view
1249
464
3 months ago 00:03:17 1
Ысык-Көлдүн аймактарындагы абал
3 years ago 00:00:55 166
Ысык-Көлдүн айрым аймактарында кар калың жаап, ашуулар жабылды. Видео