Украинада көз жумган Исламжондун атасы: уулумдун сөөгүн күтүү абдан оор болду

Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Аскердин сөөгү Канттагы авиабазага алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген. Маркумдун тажиясы 23-апрелде Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү. Сөөгүн жерге берүүгө Россиянын жана Кыргызстандын аскер кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жакындары катышты.
Back to Top