Президенттин ЖМКлар арасындагы Мейкин сыйлыгын тапшыруу аземи

Сыйлыкты 17-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаров тапшырды. Журналистика, жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасындагы президенттин “Мейкин“ сынагы уюштурулган. Атайын түзүлгөн комиссия конкурска катышкан материалдардын ичинен 10 номинацияга 10 материалды тандап алган. Жалпы байге фонду 10 миллион сомду түздү. Сыйлыкты жеңүүчүлөргө 17-декабрда президент Садыр Жапаров тапшырды. Биздин агенттик “Сергек жашоо“ номинациясында жеңип алды. Сыйлык алган видеоматериалда мушташтан кийин комага түшүп калган Эрбол Жээнтаевдин тагдыры чагылдырылган. Каарман эс-учун жоготуп комада үч ай жаткан, көзүн ачкан соң басканды, колун, денесин кыймылга келтирүүнү кайрадан үйрөнүп, спорттун жардамы менен фитнес-машыктыруучулукка чейин жеткен. Бул жолду басып өтүү кандай болгонун Жээнтаев жана оор күндөрдө аны жөлөп-таяп кайра бутуна тургузган апасы баяндап берген. Sputnik Кыргызстан агенттигинин жамааты сыйлыкка бөлүнгөн миллион сомдун бир бөлүгүн кайрымдуулукка берүүнү пландоодо. Эске салсак, президенттин “Мейкин“ сыйлыгы журналистика тармагында кесипкөйлүктү өнүктүрүү үчүн биринчи ирет уюштурулду. Бул жылы кыргыз журналистикасы 100 жылдыгын белгиледи.
Back to Top