Эки жүздүүлүктөн корк!

Шейх Абдурраззак Аль-Бадр (Аллах Өз коргоосуна алсын) Суроо: Аллах сизден ыраазы болсун! Мен өзүм жалгыз калган кээбир учурда, күнөө иштерди жасап койом, бирок ошол эле учурда (башкалар) мени түз жүргөн адам деп билишет. Мындай абалда мен эки жүздүү болуп каламбы? Жооп: Аллах Тааладан корккунуң, жана өзүңдүн ички жана сырткы абалыңды оңдош үчүн напсиң менен күрөш! Ар дайым өзүңдү ыйманга чакыр, жана Аллахты көп эсте. Ошондой эле, Аллах Тааладан дуа кылып, абалыңды оңдоосун сура! Жада калса сахабалар сен кылган нерселерден да кичинекей амалдардын себебинен эки жүздүүлүккө туш болуп калуудан коркушкан. Сахих Муслимдеги хадистей, Ханзали атту сахабанын окуясында: “Ханзала өзүн мунафык (эки жүздүү) болуп калдым деп айтканда. Абдуллах ибн Аби Муляйка айткан: “Мен, отуздан ашык сахабаны эки жүздүүлүккө кирип калбайын деп корккондорун көргөнмүн!”. Пенде ар дайым эки жүздүүлүкө туш болуудан сак болуусу зарыл, жана Аллах Тааланын алдында өзүнүн күнөө - кемчиликтерин сезип турушу керек жана өзүнүн напсиси мене күрөшүп,
Back to Top