Камакка кайра түшүү үчүн атайын кылмыш кылышат

Бул оору сыяктуу болуп калат да. Кылмыш жасап, жаза өтөп чыкты. Эркиндикте жүргөндү билбейт, эрежеси ага туура келбейт. Мыйзамдын талабын бузуп кайра кетиш керек дегендер бар, мен андайларды көрүп эле жүрөм. Андайлар тоок уурдамак турсун чымчыкты таш менен уруп койсо да коркпостон туруп эркинен ажыратуу жазасын бериш керек деген ойдомун. Бир судья бир соттолуучуга жалпы режим берип коюптур. Көрсө, ал катаал режимге кетиш керек экен эле. Прокурор эмес, ошол соттолуучу өзү жогорку инстанцияга: “мен катаал режимдеги абакка киришим керек эле, жалпы режимди берип койду”, - деп жазган. Себеби режимдердеги контингент, чөйрө да бөлөк-бөлөк болот. Жалпы режимде ишке көп тартышат, катаал режимде болсо катуу кармайт, баскан-тургандарына, жолугушуусуна, сейилдөөсүнө буларга караганда башкача мамиле жасашат. Ошол себептен тиги режимге эмес, аркы режимге кеткенди каалап жатпайбы.
Back to Top