Бишкектеги митингчилер Жээнбековду камакка алууну талап кылышууда. Видео

Бишкекте Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Акциянын катышуучулары Алмазбек Атамбаевди бошотуп, экс-президент Сооронбай Жээнбековду камакка алууну талап кылышууда. Бүгүн, 25-апрелде, Октябрь окуялары боюнча сот жыйыны өтүп жатат. Жыйындар залына конвойдун коштоосунда президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алып келинди. Ал эми Алмазбек Атамбаев сотко келген жок. Сот процессине Социалисттик жана социал-демократиялык партиялардын дүйнөлүк уюмунун башкы катчысы Луис Айала катышты.
Back to Top