12 жаштагы уулу согушка катышкан генерал, Одессанын бошотулушу. Тарыхый видео
1944-жылдын 10-апрелинде Улуу Ата Мекендик согушта 3-Украина фронту генерал Родион Малиновскийдин жетекчилиги менен Одесса шаарын немец-румын баскынчыларынан тазалоону аяктаган.
Бул каармандык боюнча видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
“Алдыда Одесса!“ ураанынын таасири өзгөчө эле, жоокерлер белине чейин баткакка батып, көкүрөккө жеткен музду жиреген согуш болду“, — деп жазган маршал Василий Чуйков мемуарларында.
Шаарды бошоткону үчүн советтик жоокерлер медалдар, төш белгилер менен сыйланган. Алардын бири легендарлуу, Аба-десанттык күчтөрүнүн жетекчиси Василий Маргелов эле. Согуштук операциясынын жүрүшүндө ал 49-гвардиялык аткычтар дивизиясын башкарган. Одесса үчүн согушка Василий Маргеловдун 12 жаштагы уулу Геннадий (кийин генерал-майор) да катышкан. Тестиер айтпай согушка качып кетип, атасынын дивизиясына туш болгон.
Одесса бошотулгандан кийин дивизия башчысы Василий Маргелов уулун “көрсөткөн каармандыгы“ үчүн жазалап, үч күн камакка алган. Андан кийин Тамбовдогу Суворов училищесине жиберген.
89 views
92
29
5 months ago 00:06:04 35
_БЕРЕКЕТ ГРАНТТАГЫ ТЕЛЕФОН САТКАН СООДАГЕРЛЕР БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮНӨ КАЙРЫЛЫШТЫ - Жаңылыктар
8 months ago 00:00:54 112
12 жаштагы уулу согушка катышкан генерал, Одессанын бошотулушу. Тарыхый видео
1 year ago 00:18:43 325
Кудай колдогон “сары чымчык“. Эл артисти Дарика Жалгасынованын видеомаеги
2 years ago 00:00:50 267
Дүйнө эли тан берип. Гагариндин космоско учкан тарыхый видеосу
2 years ago 00:03:36 159
Кремлдин сахнасында ырдаган кыргызстандык жаш ырчы
2 years ago 00:00:18 139
Шейшеп менен балкондон түшөм деген. Жалда тестиер кыз 4-кабаттан кулап кетти
2 years ago 00:00:29 113
Боомдо тосмону сүзгөн жүк ташуучу унаа оодарылып жүргүнчүсү көз жумду.
6 years ago 00:00:38 96
Москвада кыргызстандык таксист кардары унутуп кеткен 1 млн рублди кайтарып берди
7 years ago 00:00:35 23
Апасы сабаган үч жашар бала каза тапты
8 years ago 00:02:55 21
Кол өнөрчүлүк менен үй-бүлөсүн баккан 12 жаштагы бала - НТС - (1)