БОЛОТ ТЕМИРОВ БИЙЛИККЕ “ПРОВОКАЦИЯ“ ЖАСАП, “ШАНТАЖ“ КЫЛЫП ЖАТАБЫ?

Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекет эмес, жеке тараптар эл аралык маанидеги айланма жолдун курулушун салууда. Кеп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев өнөктөшөрү менен салып жаткан Өзгөн айланма жолу жөнүндө болуп жатат. Мамлекеттин казынасынан сокур тыйын албай, четтен инвестор таап жол салуу ар бир адмдын колунан келе берчү иш эмес. Тай-Мурастын мындай аракетин байкаган Өлкө башчысы да баа берип, ыраазычылык билдирген жайы бар. Анткени мындай жолду куруу үчүн мамлекеттен ири каражат сарпталып, ал акча көп жылда өзүн актай тургандыктан, алгач инвестор тартууну чечишкен. Бирок бир да инвестор келген эмес. Ал эми Тай-Мурас каражаты барларды өзү таап, бул жолдун курулушун колго алганы белгилүү болду. Американы ачкандай болуп социалдык тармактарда “Атаандаштык жок, эки дос балдарын ири долбоорлорго аралаштырып жатат”-деп күпүлдөп жаткан Болот Темиров колунан келсе инвестор же акча таап Кыргызстандын каалаган жеринде менчик жолун сала берсе болорун, эч кимге четөө жок экенин, президент жеткиликтүү кылып айтып берди. Темиров пайдасы жок сайрай бербей, Тай-Мурастан үлгү алып, тырмактай болсо да Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салым кошчу бир ишти жасаса, жалпы эл “баракелде” демек. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар
Back to Top