Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев россиялык популярдуу гранд шоунун жарым финалына өттү

Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев “Ну-ка, все вместе!“ россиялык популярдуу гранд шоунун жарым финалына өттү Ал Уитни Хьюстондун “I Have Nothing“ чыгармасын аткарып калыстар тарабынан эң жогорку 100 упай алды. Конкурстун калыстары ага “өзгөчө талант”, “укмуш гений”, “абдан кубандырат” деп баа беришти. Бул аталган шоунун бешинчи мааракелик сезону. Баш байгеге 5 млн. рубль коюлган. Раимбердиев Delmar тобунун солисти катары белгилүү, кезинде “Моя принцесса“ ыры менен таанылган.
Back to Top