Койлорунан 160 кг эт алган Кадыркулов: малды кбйтм дегендерге эшигим ачык
Каримбек Кадыркулов асыл тукум малга кызыгып, анын ичинен кой багып баштаганына үч жылдай эле болгон.
Чабан Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде анын кочкорлору Орто Азия боюнча өткөн жарманкелерде “эң оор салмактагы кочкор“, “көрүүчүлөрдүн купулуна толгон кой“ номинацияларында эң алдыңкы орундарды багынтып, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болгонун билдирди.
“Бул биздин Удар деген кочкорубуз. Ударга азыр 1 жаш 2 ай болду, биздин эл аралык жарманкенин чемпиону. Жакында эле Таласта эл аралык жарманке болду. Ошол жерден козу тиштердин арасынан 150 килограмм салмагы менен рекорд жаңыртты. Эки тиштердин да салмагы мунун салмагына жеткен жок. Өзүм жакында эле 25 миң долларга сатып алдым. Муну азыр 100 миң долларга да бербейм. Бул кочкорубуздан козу алайын деп жатам“, — деди ал.
Кадыркуловдун айтымында, Арашан тукумундагы койлордун өзгөчөлүгү куйруктарында сызык болуп, салмагы оор, кулагы узун, буттары жоон жана кочкор тумшуктуу келет. Ошондой эле чабан бул тукумдагы койлордун козулары эле 30-40 килограмм эт берсе, кочкорлорунан эң аз дегенде 150-160 килограммга чейин эт чыгарын кошумчалады.
23 views
219
76
1 year ago 00:08:26 308
Койлорунан 160 кг эт алган Кадыркулов: малды көбөйтөм дегендерге эшигим ачык