Үйдүн босогосун көп сүздүм...

Мени сүрдүү дешет. Сакал койгондонбу... Көп эле жерден чоң кишилердин катарына кошо беришет. Өзүмөн 10-15 жашка улуу байкелер “байке“ деп алдыма ийилип келишет. Көп учурда айтпай коем. Бойдун узундугу коомдук транспорттон кыйынчылык жаратат. Үйлөрдүн босогосун да ушул жашка чейин сүзүп жүрдүм. Азыр го баш өзү эле эшиктерден эңкейип көнүп калган. Боюм бат өскөн. 4-класска чейин кичинекей эле болдум. Андан кийин тез өстү. 3 айлык каникулдарда 10-15 сантиметр кошулуп жатты.ң
Back to Top