59 жыл мурдагы “Восход-1“ кемесинин тунгуч сапары

Мындан жарым кылымдан ашык мезгил мурда, тагыраагы, 1964-жылы 12-октябрда тарыхта алгачкы жолу СССРдин көп орундуу “Восход-1“ кемеси космоско учкан. Орбитага дароо үч космонавт: экипаж командири — Владимир Комаров, дарыгер — Борис Егоров жана окумуштуу, “Восход-1дин“ конструктору Константин Феоктистов сапар алган. Космоско биринчи ирет жарандык адистер кеткен, алар скафандрсыз учушуп, орбитада 24 саат 17 мүнөт болушкан. Советтик космонавттар Жерди 16 ирет айланышкан. Алар планетасына кайтканда Жерге жеңил конуу системасын алгач ирет пайдаланышкан. Кийинки “Восход-2“ кемесинин бортунан космонавт Алексей Леонов дүйнөдө биринчилерден болуп ачык космоско чыгып, тарыхта бул жаатта из салган.
Back to Top