НУРИЛА ДҮЙШӨБЕК КЫЗЫ ЖЕК КӨРӨМ ЖАҢЫ ЫРДЫН ПРЕМЬЕРАСЫ 2024

Неге тынбайт күздүн муздак жамгыры? Бул жамгырбы же түгөнбөс кайгыбы? Жазым, жайым, күзүм, кышым биригип Сени гана эстетет-ой бардыгын. Дагы канча ырбатасың жарамды? Дагы канча эзесиң-ой адамды? Ачык айтчы жашырбастан алтыным - Аз да болсо өзүңө мен жагамбы? Аз да болсо өзүңө мен жагамбы? Канча сүйсөм дал ошончо жек көрөм. Ошондуктан айрылууну эп көрөм. Унутайын деген менен канчалык Тагдыр кайра жолуктурса деп келем. Тарта берип айрылуунун азабын Тагдыр сунган соккулардан тажадым. Турган менен алаканда бүт байлык Ак сүйүүдөн болбоду эч базарым. Ак сүйүүдөн болбоду эч базарым. Дагы канча ырбатасың жарамды? Дагы канча эзесиң-ой адамды? Ачык айтчы жашырбастан алтыным - Аз да болсо өзүңө мен жагамбы? Аз да болсо өзүңө мен жагамбы?
Back to Top