Баланын күйгөн жерине атасынын терисин чаптап... Комбустиологдор менен маек
Sputnik Кыргызстан бул ирет күйүк алган бейтаптарды дарылаган комбустиологдор менен маектешти. Бул үчүн биз Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн башчысы Кандөөлөт Сарбанованы кепке тарттык.
Дарыгер терең күйүк алган адам үчүн учурунда туура дарылануу маанилүү деп белгиледи. Ооруканага суюктукка, отко, электр тогуна, химиялык заттарга күйүп келишет. Мунун ичинен эң терең күйүк электр тогунан болот.
“Анда тери эле эмес, теринин астындагы жандуу клетчатка, анын астындагы фасция, булчуңдун бардык катмары күйөт, сөөккө чейин барат. Кээде сөөк да күйөт. Кан тамырлар күйгөнүнө байланыштуу организмди калыбына келтирүү өтө оор болот. Менин тажрыйбамда мындай учур көп болду, кээ бир бейтаптар майып болуп калышты“, — деди Сарбанова.
2 views
50
14
22 hours ago 00:09:52 2
Баланын күйгөн жерине атасынын терисин чаптап... Комбустиологдор менен маек