Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон расмий ачылды.
Турсезон эл аралык Karakol Fair жарманкеси менен башталып, анда кол өнөрчүлөрдүн кийизден жасалган сувенирлери, керамика, кол эмгектери, зер буюмдары коюлган.
Тамак-аш зонасы уюштурулуп, концерт, спорттук оюндар өттү.
Ачылыш салтанатта жергиликтүү бийликтин жана туризм тармагынын өкүлдөрү сүйлөштү.