Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңештердин катчылары менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңештердин катчыларынын афган проблемалары боюнча алтынчы регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Афганистан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту.
Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр катышты.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Афганистандагы татаал кырдаалды талкуулоонун актуалдуулугун баса белгилеп, аталган өлкө туш болуп жаткан чакырыктардын жана коркунучтардын кеңири спектрин белгиледи. Садыр Жапаров Афганистандагы эң башкы үч көйгөй катары терроризм, наркотрафик жана алсыз экономиканы атады.
Биргелешкен аракеттер туурасында айтып жатып, Садыр Жапаров региондогу өлкөлөр тарабынан өз убагында, макулдашылган жана комплекстүү кадамдар афган багытында куралдуу тирешүүнүн очокторунун пайда болуу ыктымалын кыйла азайтууга мүмкүндүк бергендигин канааттануу менен белгиледи.
Мамлекет башчысы эки тараптуу деңгээлде жана ЖККУ, ШКУ, КМШ, ЕАЭБ, ТМУ сыяктуу эл аралык уюмдардын форматтарында активдүү жана тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу Афганистан маселелери боюнча кызматташуунун ишке жарамдуу модели калыптанганын айтып өттү.
Афган экономикасына токтолуп, Президент Садыр Жапаров Афганистандын улуттук банкынын тоңдурулган активдери афган элинин жыргалчылыгы үчүн тез арада пайдаланууга берилиши керек деген пикирин билдирди.
Президент Кыргыз Республикасы Афганистанга гуманитардык жардам, анын ичинде Герат провинциясындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жана географиялык жактан обочолонгон, Улуу жана Кичи Памирдин бийик тоолуу аймактарында жашагандарга азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирүүнү улантып жатканын билдирди. Садыр Жапаров ошондой эле гуманитардык жана экономикалык кризисти жеңүүгө жардам берүү максатында Афганистан менен экономикалык жана маданий диалогду өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.
Мамлекет башчысы аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык аракеттерди мындан ары координациялоо зарылдыгын баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров ошондой эле өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын биргелешкен жана координацияланган аракеттери аркылуу гана эл аралык коопсуздукту курууда маанилүү натыйжаларга жетишүүгө болот деген ишенимин билдирди.
******
Президент Садыр Жапаров встретился с участниками шестого регионального диалога секретарей советов безопасности по афганской проблематике
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 16 февраля, в городе Бишкек встретился с участниками Шестого Регионального диалога Секретарей советов безопасности/советников по национальной безопасности по вопросам Афганистана.
В мероприятии приняли участие высокие представители, курирующие вопросы безопасности, из Кыргызстана, Индии, Ирана, Казахстана, Китая, России, Таджикистана и Узбекистана.
В своем выступлении Президент Садыр Жапаров подчеркнул актуальность обсуждения сложной ситуации в Афганистане, отметив широкий спектр вызовов и угроз, с которыми сталкивается данная страна. Тремя главными проблемами Афганистана Садыр Жапаров назвал терроризм, наркотрафик и слабую экономику.
Говоря о совместных действиях, Садыр Жапаров с удовлетворением отметил, что своевременные, согласованные и комплексные шаги, предпринятые странами региона, позволили значительно снизить вероятность возникновения очагов вооруженного противостояния на афганском направлении. Через активное и тесное взаимодействие на двустороннем уровне и в форматах международных организаций, таких как ОДКБ, ШОС, СНГ, ЕАЭС, ОТГ, сформировалась работоспособная модель сотрудничества по вопросам Афганистана, отметил Глава государства.
Что касается афганской экономики, Президент С.Жапаров выразил мнение, что замороженные активы национального банка Афганистана должны быть скорейшим образом переданы в использование на благо афганского народа.
Президент сообщил, что Кыргызская Республика продолжает оказывать гуманитарную помощь Афганистану, включая поставку продовольствия и медикаментов, особенно тем, кто пострадал от землетрясения в афганской провинции Герат и тем, кто проживает в условиях географической изоляции и на высокогорье Большого и Малого Памира. Садыр Жапаров также выразил готовность развивать экономический и культурный диалог с Афганистаном с целью помощи в преодолении гуманитарного и экономического кризиса.
Глава государства подчеркнул необходимость дальнейшей координации международных усилий по обеспечению безопасности в регионе. Президент Садыр Жапаров также выразил уверенность в том, что только через совместные действия и скоординированные усилия стран и международных организаций можно добиться значимых результатов в построении международной безопасности.
1 view
31
6
3 years ago 00:06:45 1
Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусу
4 years ago 00:01:14 117
Президент Садыр Жапаров прибыл в Москву
1 year ago 00:02:12 0
Президент Садыр Жапаров Казанда Россиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
4 years ago 00:01:18 0
Президент Садыр Жапаров в Душанбе
1 year ago 00:14:47 0
КАМАЛГАН БЛОГЕРЛЕР БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ҮН КАТТЫ.
1 year ago 00:08:48 0
Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңештердин катчылары менен жолугушту
4 years ago 00:16:31 14
Новости. Выпуск № 4. Выборы в Киргизии. Кто такой президент Садыр Жапаров. Разоблачение.
4 years ago 00:04:34 0
Президент Садыр Жапаров Россия Президенти Владимир Путин менен жолугушту
1 year ago 00:07:52 0
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда УКМКнын Башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты
1 year ago 00:03:03 0
Президент Садыр Жапаров Татарстандын Башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту
3 years ago 00:02:41 15
Президент Садыр Жапаров биринчи ата мекендик “Белес“ автобусун өзү айдап сынап көрдү | #Ынтымак
2 years ago 00:06:20 0
Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом России Владимиром Путиным
1 year ago 00:00:29 0
Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди
3 years ago 00:15:18 1
Выступление Президента Садыра Жапарова на Общих дебатах 77-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
3 years ago 00:00:41 35
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТҮРКИЯГА КЕЛДИ
11 months ago 00:01:00 0
Президент Токаев vs Владимир Путин vs Пашинян, Садыр Жапаров
5 years ago 00:02:47 0
Владимир Путин КЫРГЫЗСТАН боюнча КАТУУ суйлөдү / САДЫР ЖАПАРОВ Президент болом дейби
2 years ago 00:01:26 1
Президент Садыр Жапаров вместе с супругой посетили музей «Чингисхан» в Улан-Баторе
1 year ago 00:11:18 0
Новогоднее обращение Садыра Жапарова 2024 | Жаңы жылга карата президент Садыр Жапаровдун куттуктоосу
5 years ago 00:01:23 0
Садыр Жапаров в Терек-Сае
1 year ago 00:01:00 0
Садыр Жапаров открыл новое здание прокуратуры в Бишкеке
1 year ago 00:01:00 0
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров рассказал анекдот про казаха и коррупцию на дорогах | BaigeNews
5 years ago 00:08:10 0
Четко, просто и ясно. Президент Кыргызстана, Садыр Жапаров сделал обращение к гражданам.
2 years ago 00:14:21 0
Во Ржеве президент Киргизии Садыр Жапаров принял в церемонии...