Садыр Жапаров Бул жол салынса ,,,

Садыр Жапаров: “Бул жол салынса, биз “туңгуюк“ мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз” Шанхай кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында былтыр 14-сентябрда Самаркандда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Андан мурда жана кийин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзеёв, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууларында бул маселе талкууланып, үч өлкөнүн жетекчиси тең бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришкен. Ошентип, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери айтылып келген, бирок чечилбеген келишимге жетиштик. Долбоорду алдыга жылдырууга Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери өзгөчө аракетте. Бул темир жолдун курулушу деңизге чыгууну камсыздап, темир жолубузду транзиттик жолго айлантат. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мамлекетке ири киреше алып келе турган ири долбоор жана келечекте чет элдик инвестицияны тартууга кеңири шарттарды түзөт. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси өткөн кылымдын 90-жылдарынын башталышында көтөрүлгөн. Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга темир жол куруу долбоору 1996-жылы ТРАСЕКА (Европа-Кавказ-Азия транспорт коридору жана Улуу Жибек жолун жандандыруу аракетинин бир түрү) программасынын алкагында сунушталган. 1997-жылы үч тараптын өкмөттөрү аны ишке ашыруу жөнүндөгү токтомго кол коюшкан. Бирок, ал токтом ниет бойдон калган, аны практика жүзүндө ишке ашыруу боюнча эч нерсе аткарылган эмес. Тараптар жада калса темир жолдун Кыргызстандын аймагынан өтө турган бөлүгүнүн маршрутун да макулдаша алган эмес. Кытай тарап эң кыска Эркечтам- Кара-Суу маршрутун сунуш кылса, Өзбекстан аны колдогон, бирок ага Кыргызстан каршы болгон. Поезддер Кытайдын чек арасынан чыгып, ошол бойдон токтобостон Өзбекстандын аймагына кирип кете турган темир жолдун бизге пайдасы аз болмок. Бул кылым долбоорунун маанисин Президент Садыр Жапаров “бизге аба менен суудай керек“ деп түшүндүрөт. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Мурда, Россия тарап бул жолдун курулушуна каршы экендигин эксперттер билдирип келишет. Кыргызда “саптай албай, ийнеден көрөт“ деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алган эмес. ЖККУнун саммитине барганда Садыр Жапаров Владимир Путин менен жарым саат ушул темада сүйлөшкөн. Акырында россиялык лидер бул темир жол Кыргызстанга аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгы жок экенин, “силерге керек болуп атса, сала бергиле” деген позициясын билдирген. Ошондон тарта муз ордунан козголду десек болот - эң башкы кадам жасалып, маселенин саясий жагы чечилди. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору бүтүндөй аймакка керек экенин баары түшүнүшкөнү менен, бул убакка чейин долбоорго катышкан тараптар келечектеги темир жолдун маршруту, жазылыгы (колея), ошондой эле каржылоо булактары боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Ушундан улам, долбоор боюнча сүйлөшүүлөр сүйлөшүүлөр бойдон кала берген. Бул жолку макулдашуулар да курулуш белгисиз мөөнөткө жылдырылып калуу коркунучу барбы, деген суроого, талдоочулар жылдырылбайт дешүүдө. Себеби үч өлкөнүн лидерлери саясий эркти көрсөтүштү. Анын үстүнө бул курулуш Си Цзиньпиндин “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында жүргүзүлүп жатканын эске алуу керек. Жана мындай долбоорлор ар дайым ийгиликтүү аяктап келген. Президент Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болоорун былтыр 25-январда Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн-режимдеги саммитинде белгилеген. Мамлекет башчысы транспорт системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы сооданын олуттуу өсүшүнө шарт түзөт деген пикирин билдирген. Учурда Кыргызстандын темир жолдору 424 км өз ара байланышпаган бөлөк-бөлөк линиялардан, кошуна мамлекеттерден келип такалган жолдордон турат. Темир жолдордун узундугу миң чарчы километрге 2,1 км түзөт, бул КМШдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Азыркы темир жол желесинин баары Советтер Союзунан калган. Албетте, Кыргызстан үчүн маршруттун узак болгону пайдалуу. Эгер жол айылдарды көбүрөөк аралап өтсө, ошол жерде инфраструктура курулат, ошол айылдар өнүгөт. Экинчиден, транзиттен алчу каражат дагы көп болот. Транзиттен, болжол менен Кыргызстан эки жүз миллион доллардан бир миллиард долларга чейин пайда көрсө болот, дешет адистер. Темир жол аркылуу ташуу бир топ арзан. Анын өздүк наркы деңиз аркылуу ташыгандай эле. Темир жолдун боюндагы же андан бир аз алысыраактагы бир катар кен байлыктарды иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жалпысынан, темир жолдун мүмкүнчүлүгү абдан кеңири. Кыргызстан транспорттук туңгуюктан чыгат. Дүйнөлүк соода-сатыкка каалагандай аралашкан өлкөгө айланат. Европа менен Кытайды − бириктирген өлкө болоб
Back to Top