Официальный трейлер художественного фильма “Саякбай“

Эрнест Абдыжапаровдун дагы бир көркөм тасмасы “Саякбай” жарыкка чыгууда. Тасмада кыргыздын эки даңазалуу инсандарынын, тактап айтканда, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин жана ошол кезде жаш, таланттуу жана өзүнүн чыгармачылык жолун эми өркүндөтүп келе жаткан Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусу көрсөтүлөт. Саякбайдын өзүнүн жаш кезин эстеп, көрүүчүгө бардык кызыктуу кыргыз жана совет убагындагы тарыхый фактыларды айтып берүү менен коштолгон тасма сиздин руханий жан дүйнөңүздү байытууга көмөктөшөт. “Манас” эпосун гана эмес тарыхты дагы бир жолу карап, окуп чыгууга кызыгууну жараткан тасма ар бир МЕН ПАТРИОТМУН деген атуулдун жүрөгүнө из калтырат. Көп убакыт жумшалган жана канчалаган эмгек талап кылынган тасмада: киноэффекттер, тасмадагы кыймыл-аракеттин чыныгы үн коштоосу, кыргыз аспаптарынын музыкалык коштоосу, актерлордун мыкты аткаруусу, Кыргызстандын кооз жерлери камтылган. Баардыгыңыздарды 7 – сентябрдан баштап, бардык кинотеатрлардан күтөбүз! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Очередной шедевр от
Back to Top