Жоокердин сөөгү менен кошо эмне табылган?

2008-жылы Великий Новгородго жакын жерде иштеген изилдөөчүлөр адамдын сөөгү менен кошо медальон таап алышкан. Муну моюнга “кокус өлүп калсам“ деп тагынып алышчу. Пластик кутунун ичинде жоокердин өмүр баяны жазылган маалымат бар эле. Медальондор Улуу Ата Мекендик согуш маалында каза тапкан жоокердин өздүгүн тактоого жардам берген. Тилекке каршы, текст жакшы окулбай, медальондун ээси түбөлүккө белгисиз бойдон калып калышы мүмкүн болчу. Бирок изилдөөчүлөр сөөк Геннадий Силаевге таандык экенин аныктай алышкан. Ал согушка чейин Фрунзедеги аскердик авиациялык окуу жайда учкучтарды даярдаган. 1942-жылы биздин авиация немистик курчоодон чыккан советтик жоокерлерди калкалачу. Ошол учушунан Силаев кайткан эмес.
Back to Top