Вальс кечеси жана концерт. Бишкектин 146 жылдыгы белгиленд

Бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаары 146 жылдыгын белгилеп жатат. Мэрия калаа тургундарына майрамдык программа даярдаган. Эски аянтта “Вальс кечеси” фестиваль-конкурсу өтүп, андан соң симфониялык оркестр менен ата мекендик эстрада жылдыздары концерт тартуулашты. Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Бишкектин туулган күнү менен куттуктаган.
Back to Top