КАНЫБЕК ДАЙЫРБЕК УУЛУ / Шерзат Иминакун - Толгонуу

Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү, Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү. Апамды мен кут төгүлгөн үй десем, Атам анын кармап турган түркүгү. Атам барда мен таптагы ылаачын, Атам менин өзгөрбөгөн кубатым. Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин, Жүрүштөрдө күнгө жеткен кулачың. Шаштым кетип бошоңдосо сабырым, Жолдон алып оор жүктүн жарымын. Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген, Атам менин терең жайган тамырым. Кубанчыма, кайгыма да тең шерик, Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик. Ак сарайым, алтын туткам кутманым, Бул дүйнөгө сен тургузган эстелик. Кыргызча ырлар
Back to Top