Миңдеген кыргызстандык маанилүү акцияга кошулду

Бүгүн Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан жүрүшкө катышты. Ага катардагы жарандар да кошулду. Иш-чараны “Наша Победа – Биздин Жеңиш“ кыймылы жана Кыргызстандын Генералдык штабы уюштурган. Аскер кызматчылары беш чакырым, ал эми жай тургундар ден соолугунун абалына жараша басышты. Быйылкы марш Москва үчүн салгылашууга арналды.
Back to Top