Садыр Жапаров “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты
Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал Нарын облусунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларын оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.
Аэропорттун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.
“Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайы үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, ошондой эле Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Манасбек Самидинов ошондой эле 2022-жылы башталган “Казарман” аэропортун реконструкциялоо иштери боюнча маалымат берип, долбоор 2023-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылганын айткан.
“Казарман” аэропорту 80-жылдардын башында курулган, аэробекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 40-50 жүргүнчү. Аэробекеттин имаратын оңдоо иштери акыркы жолу 2018-жылы жүргүзүлгөн.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.
86 views
299
65
1 month ago 00:01:03 4
В Бишкеке отметили 100-летие кыргызской прокуратуры. Торжественное мероприятие посетил Садыр Жапаров
1 month ago 00:01:35 9
Садыр Жапаров наградил лучших учителей и воспитателей года в Кыргызстане
1 month ago 00:00:59 12
Садыр Жапаров заявил о кардинальной реформе системы голосования
1 month ago 00:01:02 711
Садыр Жапаров открыл новое село в рамках рабочей поездки на юг Кыргызстана