КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ #кызыломпол #кенбайлык #кыргызстан

Учурда Жапаровдун бийлиги аталган кенди иштетүүгө шымалана киришип жатат. Кызыл-Омполдо калктын саламаттыгы үчүн кооптуу заттар болушуна карабай, анын пайдасын бетке кармашууда. А бирок, уран кенин иштетүү эл үчүн чындап эле көйгөй болуп эсептелет. Уранды өндүрүп алууда анын калдыктары калат. Андагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Анын зыяны суу жана шамал аркылуу таркалат. Казып алынган сыръёну тоо-кен фабрикасына ташып жеткирүү да кооптуу. Эгер уран жүктөлгөн контейнерлер аварияга учурагыдай болсо, аны зыянсыз деп алдап кетишет, бирок, эл зыянын тарткан бойдон калат. Мындай окуяга Барскоондогу цианид авариясында күбө болгонбуз. Youtube kanal Azat kanal Turkiston biz Интернет сайт: Биздин телеграм каналабыз Биздин кыргыз тилиндеги Фейсбук каналабыз Бизнинг Фэйсбук ўзбек тилида каналимиз Наш Фэйсбук канал на русском языке
Back to Top