Бизнесменди кармады. УКМК сооттолгон техникадан атып жаткан видеону көрсөттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүй облусунун аймагындагы Гаваи эс алуу жайынан алыс эмес жерде сооттолгон техникадан (аскердик) атып жаткан учурдун видеосун таратты. Андан сырткары бир нече курал-жарактардын табылганын көрсөттү. Атайын кызматтын маалыматына караганда, сооттолгон машина “Үмүт и Ко“ компаниясынын жакында эле кармалган негиздөөчүлөрүнүн бирине таандык. Мындан бир аз мурдараак аталган 52 жаштагы жарандын иштеген жана жашаган жерин тинтүүдө атайын сооттолгон БРДМ-2 машинасы 7,62 калибрлүү “Калашников“ танк пулемёту менен, мындан сырткары, куралдар, ок-дары, жарылуучу каражаттар (Ф-1 гранатасы), сайсыз мылтык жана желим ок атуучу, сатууга тыюу салынган түрдүү калибрдеги куралдар табылган.
Back to Top