Малик Аликеев - Мөлмөлүм (Эркекче ырдалганы)

Сөзү: Барпы Алыкулов Обону: Барпы Алыкулов Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен. Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм, Бүгүн белгилүү болсун ыр менен. Эки илебиң - кызыл гүл, Ачылгандай, Мөлмөлүм. Бир карасам жүрөккө от, Чачылгандай, Мөлмөлүм. Маңдай чачың Маргалаң, Жибегиндей, Мөлмөлүм. Сенин ышкың баланын, Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Back to Top