30 жылга созулган Вьетнам согушуна катышып келген Курсан Мадинов. Видеомаек

1975-жылы 30-апрелде дүйнө жүзүнүн көңүлү Түштүк Вьетнамдын борбору Сайгон (азыркы Хошимин) шаарына бурулуп турган эле. Дул ушул күнү АКШ башында турган өнөктөштөрү жеңилип, Вьетнамдын түндүгү менен түштүгү биригет. Кандуу тирешүү 30 жылга созулган. Вьетнамдык патриотторго ушул согушта расмий Москва, Пекин, Пхеньян жана Улан-Батор чоң жардам берген. Кандуу кармашка катышкан он миңден ашык советтик жоокердин арасында беш кыргызстандык аскер жана бир дипломат бар эле. Ракеталык күчтөрдүн жоокери Курсан Мадинов майданда алты айдан ашык салгылашып, көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин Өзгөчө күжүрмөндүк үчүн медалы менен сыйланган. Колумнист Алмаз Батилов вьетнам согушунун 81 жаштагы ардагери менен маек курду.
Back to Top