Москва шаарынын Горький паркында Grand SkateTour 2023 аталышындагы скейтбординг жана роллер-спорт фестивалы өтүп, ага 40ка чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Даярдалган видеодон фестивалдын эсте каларлык учурларын көрө аласыз.
Скейтбординг, роллер-спорт жана самокат спорту боюнча Россиянын борборундагы таймашка спортчулар Европа, Азия, Америка жана Африка мамлекеттеринен келишти. Бул скейтерлердин үчүнчү фестивалы, биринчиси 2019-жылы Нижний Новгороддо, экинчиси 2022-жылы Москвада пандемиядан соң өткөн.
Скейтерлер скейтбордингде, скейт-дуэлде, роллер-фристайлда, самокатта күч сынашты. Фестивалга 5000ден ашуун киши катышты, көбү өз тармагында кыйын деп эсептелген спортчулар. Алар экстремалдык кызыгуудан тарта спорттун олимпиадалык түрүнө чейинки жолду басып өтүшкөн.
Grand Skate Tour учурунда Москвада коньки менен түндө кирип, 5-7 чакырым жүрүп, борбор калаанын кооз жерлерин көрүштү.