Балыкчыда РКӨФтүн колдоосу менен заманбап эт комбинаты ачылды
Заводдо бодо мал жана майда жандыктар союлуп, эт кайра иштетилет. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.
Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы фермерлер “Дордой-Балыкчы“ эт комбинатын чийки зат менен камсыздаары күтүлүүдө. Бул облустардагы мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга чоң түрткү болуп, мал багуунун мааниси арта турганы белгиленди.