Мындан туура 81 жыл мурда, дал ушул күнү — 8-сентябрда Ленинград шаары блокадага алынган. Бул — Улуу Ата Мекендик согуштагы эң каардуу, жүрөк ооруткан тарыхый окуялардын бири болуп тарыхта кала берди.
СССРдин мурдагы мамлекеттеринде бул дата эскерилип келет. Бишкекте да бул күнгө арналып “Эскерүү сабагы“ акциясы өттү.
Анда борбор калаанын окуучуларына Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы трагедиялуу окуялар, анын ичинен Ленинград курчоосу тууралуу айтып беришти.
“Эскерүү сабагы“ Бишкектеги блокадачыларга арналган эстеликтин жанында уюштурулду. Иш-чарага Ленинград курчоосунда калгандардын кыргыз коомунун, “Кант“ аба базасынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Ачык сабакта балдар Ленинград курчоосунда калгандар жөнүндө ырларды көркөм окушту. Андан соң аза күтүү мүнөтү болуп, аягында блокадада көз жумгандардын, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арнап гүлчамбар коюшту.
Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет. Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу каарман инсан багып өстүргөн.
3 views
691
140
9 months ago 00:01:39 72
Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкекте ардагерлер сыйланды
1 year ago 00:01:34 81
Бишкекте Матвиенко Ленинград блокадасынын курмандыктарын эскерди
1 year ago 00:01:44 47
Бишкекте Ленинград блокадачылары эскерилди. Видео
1 year ago 00:00:59 52
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта жана блокадада көз жумгандар эскерилди
2 years ago 00:02:38 214
Бишкекте блокадачы Анна Кутанованын эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды